Биз менен байланышыңыз

Британия менен Евробиримдик соода алакалары боюнча макулдашты

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Дек 2020 | 419 | 0

Улуу Британия менен Евробиримдик Брекзиттен кийин соода алакалары боюнча мунасага келди.

Бул келишим Лондон менен Брюсселдин ортосундагы бизнес жүргүзүү эрежелери боюнча көптөн бери талаш жаратып келе жаткан маселелерге чекит койду.

Британ өкмөтүнүн билдирүүсүндө 2016-жылы референдум учурунда британ калкына берилген убадалардын баары аткарылганы белгиленген. Британ палатасы келишимди 30-декабрда ратификациялаары айтылды. Оппозиция лидери Крисс Стаммердин айтымында, лейбористтер да бул келишимди колдойт.

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин пикиринде, келишим жалпы рынокту адилеттүү пайдаланууну камсыздап, балык уулоо үчүн бирдей шарт түзөт.

Улуу Британия менен Евробиримдиктин ортосундагы соода келишими нөлдүк тарифке жана нөлдүк квотага негизделген. Ал 2021-жылы 1-январда күчүнө кириши керек. Эгер быйыл 31-декабрга чейин эки тарап мунасага келип, келишим кабыл алынбаса, анда Британия менен Европа Биримдигинин соода мамилеси Дүйнөлүк Соода Уюмунун эрежелерине ылайык жүргүзүлмөк. Бул бизнесте жоготууларга жана жумушсуздуктун санынын өсүшүнө алып келмек.

2016-жылы жыйында британиялыктар Евробиримдиктен чыгуу боюнча добуш беришкен. Улуу Британия ЕБга 1973-жылы кирген жана анын катарынан чыккан биринчи өлкө болуп калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM