Биз менен байланышыңыз

2020-жылга сереп: Онлайн окуунун бурушу да, дурусу да арбын болду

Билим-маданият | 24 Дек 2020 | 864 | 0

Бүтүндөй дүйнө калкын дүрбөлөңгө салган коронавирус пандемиясы Кыргызстанды да кыйгап өтпөй, бир катар өзгөрүүлөргө учуратты. Маселен, адегенде эле билим берүү тармагын олуттуу кадамдарга бардырды. Тактап айтканда, илдеттен сактануу, ошол эле учурда окуу программасын үзгүлтүккө учуратпоо максатында аралыктан окуу системасына жапырт өтүүгө аргасыз кылды. Мунун негизинде атайын тандалган мугалимдер тарабынан миңден ашуун видео сабактар даярдалды. Алар өлкөдөгү 6 телеканалдан көрсөтүлүп, атайын иштелип чыккан порталга жүктөлдү. Андан тышкары ар бир мугалим интернетти өз мүмкүнчүлүгүнө жараша пайдаланып, өздүк сабактарын өтүп турду. Ага катар электрондук китепканалар, мобилдик тиркемелер жана интернет ресурстары түзүлдү. Ушул тапта да өлкөнүн көпчүлүк аймактарында окуу дистанттык негизде уланууда.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова пандемияга карабастан, 2020-жылы бир катар алгылыктуу иштер жасалганын, учурда республика боюнча 1915 мектеп реалдуу билим берүүгө өткөнүн билдирди.

«Дистанттык окуу убактылуу гана, пандемия учурунда окуучулардын жана педагогдордун коопсуздугун сактоо максатында ушул окуу системасы киргизилди. Биз Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте так алгоритм иштеп чыктык. «Ар бир мектепте, бала бакчада кандай шарттар сакталышы керек жана эмне үчүн сакталышы керек?» — дегенди бардык окуу жайга түшүндүрүп жаттык. Азыр эми өлкөнүн кайсы аймактарында эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, ал аймактын мектептери акырындык менен реалдуу окутууга өтүп жатат. Анткени биздин педагогдор дистанттык билимди канчалык жакшы берген күндө да, билим берүү тармагы мындай негизде алдыга жыла албайт».

Окуу жылы башталганда, республикалык штабдын уруксаты менен офлайн режимде билим берүүнү жанданткан мектептерге санитардык режимди сактоо үчүн бюджеттен 185 млн сом бөлүнгөн. Ага антисептикалык, дезинфекциялык каражаттар сатылып алынган.

Мындай кырдаал жогорку жана атайын орто окуу жайларында да түзүлүп, 2020-2021-жылкы окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу онлайн режимде өттү. Быйылкы окуу жылында жогорку окуу жайларына 36 364, атайын орто билим берүү мекемелерине 38 072 студент кабыл алынды.

Пандемия учурунда чет жакта билим алган кыргызстандык студенттердин көпчүлүгү өлкөгө кайткан. Учурда алар билим алып жаткан өлкөлөрдө эпидемиялык абал туруксуз болгонуна байланыштуу басымдуу көпчүлүгү сабактарына Кыргызстандан эле онлайн режимде катышууда. Кырдаалга карабай, быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасында да чет жакка тапшырган студенттер да болду. Министрдин орун басары Нурлан Өмүров быйылкы окуу жылында чет мамлекеттеги жогорку окуу жайларына тапшырган кыргыз студенттери кандай негизде билим алып жатканы боюнча маалымат берди.

«Беларусия, Венгрия, Кытай, Тажикстан, Орусия өлкөлөрү Өкмөттөр аралык макулдашуунун негизинде Кыргызстанга квота бөлгөн. Быйылкы пандемия учурунда көбүнчө Евпропадагы ЖОЖдор, мисалы, Венгрияда да окуу жылы онлайн башталды. Чет өлкөнүн ЖОЖдоруна өткөн студенттер Кыргызстанда эле ар бир университеттердин талаптарына жараша окуу процессин улантып жатат».

Албетте, бул системанын билим берүү тармагы үчүн жакшы жактары да болгонун белгилей кетүүбүз абзел. Маселен, кагаз иштери, окуу системасы толугу менен автоматташтырылды. Мунун негизинде мектеп мугалимдеринин жана китепканачылардын иши жеңилдеди. Мугалимдер ашыкча кагаз иштеринен арылса, китепкана кызматкерлеринин түйшүгү азайып, атайын иштелип чыккан программа аркылуу айлап жасаган жумуштарын аз убакыт ичинде бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк ала алды.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Copyright © 2017 Maral FM