Биз менен байланышыңыз

Шайлоодогу ар бир добуш маанилүү

Кыска кабар | 26 Дек 2020 | 467 | 0

Биз шайлоо боюнча жарандарды ойго салган суроолорго жооп берүүнү чечтик. Ал үчүн «Жалпы иш» коомдук фондунун юристи Тариэл Аалиевден маалымат алдык.

— Алгачкы суроо, шайлоого катышуунун мааниси канчалык? Бир кишинин добушу эмнени чечет?

— 2021-жылдын 10-январы — Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү. Ар бир жаран 10-январда шайлоо тилкелерине келип, добуш берүүсү — өтө маанилүү. Өткөн шайлоодо өлкөбүздүн бир миллиондон ашуун шайлоочусу добуш берген эмес, алардын пикири эске алынган эмес, ошол эле учурда Кыргызстан эли өз бийлигин шайлоого катышуу жолу менен түздөн-түз жүзөгө ашырат. Өлкөнүн келечеги үчүн ар бириңиздердин добушуңуздар маанилүү.

— Шайлоого катышуу учун кайсы кадамдарды жасоо маанилүү?

Шайлоочунун маанилүү кадамдары:

— Эн негизгиси, жакын жерде жайгашкан биометрикалык маалыматтарды топтоочу түйүнгө барып, биометрикалык каттоодон өтүңүз, түйүндөрдүн даректерин grs.gov.kg сайтынан табасыз;

Өзүӊүздү tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу шайлоочулардын тизмесинен текшериңиз;

Шайлоочулардын тизмесинде катаны же так эместиктерди байкасаңыз, өзүңүздүн участкалык шайлоо комиссиясына кайрылып, 29-декабрга чейин «Форма №1» боюнча арыз жазыңыз;

Президенттикке талапкерлердин тизмеси менен таанышып, өмүр баянын кылдаттык менен карап, өлкөнү өнүктүрүү программаларын изилдеңиз, теледебаттарын көңүл коюп көрүңүз;

Добуш берүү күнү шайлоо тилкесине келип, аң-сезимдүү тандооңузду жасаңыз!

Copyright © 2017 Maral FM