Биз менен байланышыңыз

Нигерия: Жол кырсыгынан 12 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 508 | 0

Нигериянын түндүк тарабындагы Кадун-Абуджа шоссесинде болгон автокырсыктан кеминде 12 адам каза болуп, дагы 25 адам ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу «РИА Новости» өлкөнүн штаттагы коопсуздук комиссарынын маалыматына таянып жазды.

Комиссардын айтымында, айдоочу ылдамдыкты ашырып ийгендиктен, унааны башкара албай калган да, каршы тилкеге чыгып кеткен. Жаракат алган 25 адам ооруканага жеткирилген. Кырсыктан адамдардан сырткары бир нече жаныбар да өлгөн.

Нигерияда жолдун сапаты өтө начар, айдоочулар да дайыма эреже бузгандыктан, кырсык көп катталат. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун маалыматы боюнча, Нигерия жол кырсыгынан каза тапкандардын саны боюнча дүйнө жүзүндө алдыңкы катарда турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM