Биз менен байланышыңыз

Трамп АКШнын коргонуу бюджетинин долбооруна вето койду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 371 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп «Өлкөнүн 2021-жылга карата 740 миллиард долларлык коргонуу бюджети жөнүндө» мыйзам долбооруна вето койду. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Трамп мындай чечимин долбоордо улуттук коопсуздук үчүн маанилүү чаралар каралбагандыгы, ошондой эле ал өлкөнү ички жана тышкы саясатта артыкчылыктуу кылууга далалаттанган өкмөттүн аракеттерине каршы келгендиги менен түшүндүрдү. «Бул – Кытай менен Орусияга белек кылганга тете», – деди ал.

Трамптын айтымында, интернет платформаларды колдонуучулардын жарыялаган контенти үчүн каралган юридикалык жоопкерчиликтен бошотуу тууралуу бөлүк да долбоордон алынышы керек.

1960-жылдан бери АКШнын коргоо жаатындагы жылдык бюджеттери тууралуу мыйзам долбоорлору президенттин ветосу жок эле кабыл алынып келген.

2021-жылга белгиленген бюджет Орусиянын «Түндүк агым-2» жана «Түрк агымы» сыяктуу куурлар аркылуу жаратылыш газын өткөрүү долбоорлоруна каршы чектөөлөрдү да күчөтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM