Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Майя Санду президенттик кызматына расмий киришет

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 538 | 0

Молдованын жаңы шайланган президенти Майя Сандунун инаугурациясы бүгүн, 24-декабрда Кишиневде өтөт. Андан соң президент расмий түрдө кызматына киришет.

Кызматын өткөрүп берүү алдында турган учурдагы президент Игорь Додон жарандарга кайрылып, оор кырдаалда өлкө башында болгонун айтты. Ошондой эле ал өз сөзүндө парламент төрагасы Зинаида Гречаныйга жана премьер-министр Ион Кикуга кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, пандемия жана экономикалык кризис менен ийгиликтүү күрөшө алганын белгиледи. Муну менен бирге, жаңы президентти жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Майя Санду 15-ноябрда Молдова өлкөсүндө өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Игорь Додондон көп добуш алып, жеңүүчү деп табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM