Кыргызгидромет борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, эртең, 24-декабрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3;
Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9 градус болот.
Бишкекте 24-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14 күндүз -1…+1 градус болот.