Биз менен байланышыңыз

Ишкерлер ИИМге алты автоунаа белек кылышты (сүрөт)

Кыска кабар | 22 Дек 2020 | 456 | 0

Быйыл октябрь окуяларында Ички иштер министрлигинин автоунаалары талкаланган. Буга байланыштуу жеке ишкерлер Ички иштер министрлигине алты унаа белек кылышты.

ИИМдин маалыматына караганда, автоунаалар Баткен, Жалал-Абад, Чүй, облустарына, Ош шаарына жана ИИМдин ички аскерлерине муктаждыктарына жараша берилет.

Жеке ишкер Кайрат Аманов: «Ушул жылдын 5-6-октябрында болгон окуяда ички иштер органдарынын автоунаалары талкаланганын көргөнбүз. Ошондуктан ишкерлер жаңы жыл алдында биздин милицияга автоунаа тапшырууну чечкенбиз. Сиздер биздин бейпил жашообузду камсыздап, коомдук коопсуздукту сактап жатасыздар. Биз дагы сиздерди колдошубуз керек», — деп билдирди.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков демөөрчүлөргө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, милиция коомдук тартипти камсыздоо, жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо үчүн бардык күчүн жумшай тургандыгын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM