Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустан дагы төрт бейтап көз жумду

Кыска кабар | 22 Дек 2020 | 516 | 0

Кыргызстанда коронавирус менен ооруп жаткан дагы төрт бейтап көз жумду. Анын үчөө Бишкек шаарында, бир учур Ысык-Көлдө катталды. Март айынан бери өлүм учурлары 1335ти түздү.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинин 175 жаңы учуру катталды:

-Бишкек шаарында — 48;
-Ош — 2;
-Чүй облусу – 41;
-Ош облусу — 11;
-Талас облусу — 7;
-Нарын облусу — 7;
-Ысык-Көл облусу – 31;
-Жалал-Абад облусу – 12;
-Баткен облусу — 16 учур аныкталды.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 79 миң 429га жетти.

Акыркы суткада коронавирус жуктуруп алгандардын экөө медициналык кызматкер экени аныкталды. Ошол эле күнү дагы 6 медик бул илдеттен айыкты.

COVID-19 диагнозу менен 4075 медициналык кызматкер катталган, анын 3847си сакайган.

22-декабрга карата коронавирустан дагы 295 адам айыкты. Аймактар боюнча алганда:

-Бишкек – 105;
-Ош шаары – 6;
-Чүй облусу – 68;
-Ош облусу – 16;
-Талас облусу – 8;
-Нарын облусу – 6;
-Ысык-Көл облусу – 49;
-Жалал-Абад облусу – 22;
-Баткен облусу – 15 учур.

Кыргызстанда коронавирустан сакайгандардын жалпы саны 73 миң 300дү түзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM