Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда «Үмүт» эл аралык кино форуму өтөт

Кыска кабар | 21 Дек 2020 | 488 | 0

Бишкекте 21-25-декабрь күндөрү КМШ мамлекеттеринин кино форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Иш-чаранын ачылышы 22-декабрда «Ала-Тоо» кинотеатрында болот. Ал КМШнын Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, жогорку окуу жайлар жана коомдук уюмдар тарабынан уюштурулат.

Ачылышында саат 11.00дө казакстандык режиссер Шарип Уразбаевдин «Марьям» тасмасы коюлат.

Ал эми 24-декабрда ушул иш-чаранын жабылышында орусиялык режиссер Максим Дашкиндин «Алыскы чекте» («На дальних рубежах») тасмасы көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM