Биз менен байланышыңыз

Германия кошумча 30 миллион доза Pfizer вакцинасын сатып алат

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2020 | 484 | 0

Германия «Pfizer» жана «Biontech» компанияларынан кошумча 30 миллион доза коронавирус вакцинасын сатып алууну пландаштырууда. Бул тууралуу «Bild» сайты маалымдады.

Буга чейин Германия Евробиримдикке 55,8 миллион доза вакцина ала тургандарын билдирген. Эми өлкө 85,8 миллион доза сатып алууну чечти.

Мындан тышкары Германия Модернадан да 50,5 миллион доза вакцина сатып алат.

Ошондой эле өлкө ондогон миллион доза вакцинаны «AstraZeneca», «CureVac» жана «Johnson & Johnsonдон» сатып алууну пландаштырууда.

Германияда коронавируска каршы эмдөө кампаниясы 27-декабрда башталат.

Буга чейин ДССУ жакыр өлкөлөрдө 2024-жылга чейин вакцина болбой калышы мүмкүн экенин эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM