Биз менен байланышыңыз

Билим берүү мекемелеринин жетекчилерине коюлган талаптар күчөтүлөт

Билим-маданият , Коом | 18 Дек 2020 | 1117 | 0

2020-2021-окуу жылынын III чейрегинен тарта райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп директорлору аттестациядан өткөрүлөт. Ал үчүн атайын комиссия түзүлүп, февраль айында иш башталарын Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев Ош шаарында өткөн жыйында маалымдады.

Министр белгилегендей, жетекчилерди баалоо үчүн бир катар критерийлер иштелип чыгып, иш 3-4 этапта жүргүзүлөт. Бул жолку текшерүү буга чейинкидей жеңил эмес, баары ачык-айкын өтөт. Мамлекеттик кадр кызматынын катышуусу менен жетекчинин мыйзамды канчалык деңгээлде билери да аныкталат. Критерийге кирген эң негизги талап катары 1-этаптын алкагында каржылык билими да текшерилет.

«Жетекчини баалоо критерийлерине «Директор мектепке кандай инновациялык жаңылыктарды киргизди, өзү кандай илимий баалоолорго катышты, ата-энелер менен иштешүүнүн деңгээли кандай, ЖРТдан жана олимпиадалардан алган көрсөткүчү кандай, мектепке сырттан тартып келип өткөргөн семинар, тренингдер, мугалимдерди кайра даярдоо боюнча кандай жаңы ыкмаларды изденди?» деген сыяктуу талаптар кирет. Анын негизинде сиздерди баалайбыз, урматтуу жетекчилер! Анан өтпөй калгандар капа болбосун».

Бейшеналиев министрликке келгенден бери мугалимдерди саясаттан алыс кармоого аракет кылып жатканын белгиледи. Бул талап аттестация учурунда да эске алынат, себеби директорлор мектептин иши менен гана алек болуп, билим берүүгө көңүл бурушу керек.

«Билим берүүнү саясатташтырбагыла, билим берүү жалпыбыздын келечегибиз, урматтуу жетекчилер! Бул — баланча саясатчынын же кандайдыр бир кишилердин чарбагы эмес. Сиздердин колуңуздарда туурган милдет — мамлекеттин милдети; бул — ыйык милдет; бул — элдин жоопкерчилиги. Эгер бирөөгө иштейсиңерби, жеке адам катары чыккыла, жумушуңарды өткөрүп бергиле да, каалагандай иштей бергиле. Бул тармакты бирөөнүн үч жылдык -беш жылдык амбициялары үчүн колдонбоңуздар, баланча чоңду ортого салып, мага телефон чалганды токтотуңуздар!».

Эл аралык билим берүү жана илим изилдөө борборунун директору Алмаз Ибраев да мектеп жетекчилерин аттестациядан өткөрүү демилгесин колдойт. Бирок алгач алардын иштөөсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү зарылдыгын, директорлорду баалоодо мыйзамды канчалык билүүсүн эмес, алгач эмгек тажрыйбасына, колдонгон ыкмаларына көңүл буруу керектигин белгилейт.

«Мектептерге, жогорку окуу жайларына реформа керек. Бирок мектеп директорлорунун мыйзамдарды билиши биринчи орундагы зарылчылык эмес деп эсептейм. Эң биринчи алардын билим деңгээлин, анан тажрыйбасын, анан сабак өтүп жаткан ыкмаларын текшерүү керек. Бирок текшерерден мурда иштеп жаткан шарттарын кошо карап, айлык маянасы жөнүндө да ойлонуу керек. Анан ошол шарттарын караштыргандан кийин талапты катуу койсо туура болот деп эсептейм». 

Билим берүү боюнча серепчи Асылбек Жооданбеков да аттестациянын өтүшүнө каршы эмес. Бул аркылуу жетекчилердин ишинин таасирин арттырууга болот. Мындан тышкары бир гана билим берүү тармагында иштеген эмес, сырттан да менеджер, иш билги кадрларды тартуу сунушун берди.

«Бирок ушул иш-чаралар так критерийлердин негизинде, айрымдарын чыгарып салуу үчүн эмес, реформалык жактан алдыга сүрөй турган адамдарды табуу үчүн болсо, абдан майнаптуу болмок. Анан менин жеке оюмда, мектеп жетекчилигине башка тармакта жүргөн мыкты менеджерлерди кошо тартып, бул багыттагы иштерди да алып барса болот. Азыркы ченемдик документтер боюнча мектеп жетекчилигине дайындалуу үчүн бир катар талаптар бар. Ошол эле мезгилде, жаңыча ойлонгон адамдарды тартуу да мезгилдин талабы деп ойлойм». 

Азыркы убакта Кыргызстанда 4 миңден ашуун мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү мекемеси бар. Андагы 2 миллионго жакын тарбиялануучу, окуучу жана студентке 108 миңге жакын мугалим сабак берет.

Copyright © 2017 Maral FM