Биз менен байланышыңыз

Пандемияда өлкөгө келген жардамдардын бөлүштүрүлүшү иликтенет

Кыска кабар | 18 Дек 2020 | 482 | 0

Кыргызстанда коронавирус илдети жайылган учурда өлкөгө келген жардамдардын бөлүштүрүлүшү иликтене турган болду. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында бул боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөнүн кабарлады.

Анын айтуусуна караганда, комиссиянын курамына эки депутат да кирди, жалпы 30 адам бар.

Комиссия 10 күн аралыгында пандемия учурунда өлкөгө келген жардамдарды иликтөөнүн үстүнөн иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM