Биз менен байланышыңыз

Макрондон коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 494 | 0

Франциянын президенти Эммануэль Макрон коронавируска карата ПЧР-тест тапшыргандан кийин анда вирус бар экендиги аныкталды. Эми жакынкы бир жума аралыгында Макрон обочолонууга алынары айтылды.

«Ал жумушун үйдөн улантат», — деп айтылат маалыматта.

Макрондон вирус табылгандыгына байланыштуу Франциянын премьер-министри Жан Кастекс да обочолонууга алынган. Себеби ал бир күн мурда Макрон менен чогуу Коопсуздук Кеңешинин жыйынына катышкан болчу.

Эпидемия башталгандан бери Францияда коронавирус жуктуруп алган 2,4 млн учур катталган. 59 миңден ашык адам вирустун кесепетинен көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM