Биз менен байланышыңыз

Марат Алышпаев: Мага дайыма күчтүү инсандардын ролу туш келет

Кийинки жаштар, балдар бул адамды «Президент жана бомж» тасмасындагы президент катары тааныйт. Театрда да, кинодо да мен-мен деген көрүнүктүү ролдорду жараткан, кандай гана роль берилбесин, ийине жеткире аткарган, эл сыйлаган мыкты актер, учурдун залкарларынын бири, Кыргыз Республикасынын эл артисти Марат Алышпаев жашоодо тапкан ийгиликтери жана чыгармачылыктагы жетишкендиктери жөнүндө «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасында маек курду.

Жашоомдогу эн таттуу, бактылуу кезим — окуучулук күндөр  

Окуучулук күндөрүмдү көбүрөөк эстейм. Жети-Өгүз районунун Саруу айылында чоң маданият үйү ачылып, Кыдыралы деген агайыбыз жетекчи болду. Ошол кезде башкарма Токсобаев эле. 6-класстан баштап, 10-классты аяктаганга чейин ырдадым. Жаш кезде баскетболду көп ойнодум. Кышында да спорттук аянтчаны кардан тазалап, балдар менен ойночубуз. Жетишпеген заманды да көрүп калдык. Азыркыдай бут кийимдин түрү жок, мектепке бутка чулгоо ороп, керзовой өтүк кийип барчубуз. Ошол жылдарды көп эстейм. Мектепти 11 бала бүткөнбүз. Анын ичинен сегизи жогорку окуу жайды аяктады.

Чыгармачылыгыма атамдын тарбиясы түрткү болду

Ушул жолго салган атам болду. 6 жашымда «Сен комузчу болосуң», — деп кичинекей комуз чаптырып келиптир. Канчалык аракет кылсам да, такыр үйрөнө албай койдум. Мандолин аябай мода болгон. Айылдагылардын көбү чертчү. Аны да өздөштүрө алган жокмун. 7-классты бүтүп, борборго музыкалык орто окуу жайга келдим. Көрсө, менде музыкалык угуу (музыкальный слух) жөндөмүм начар экен (күлүп).

Студенттик күндөр

Алексей Бартошевич чет элдик драматургиядан сабак берчү. Шекспир, Гамлет, Ричардды жомоктогудай кылып айтып бергени дале эсимде. Жаратканга ыраазычылык, өзүм каалап, кыялданган ролдордо ойнодум. Менин жаштарга айтарым, дайыма кыял менен жашашса, сөзсүз орундалат.

Чыгармачылык чөйрө — чыныгы кесибим

Чыгармачылыктан сырткары, 1990-жылдары өзүмдү башка тармактан да сынап көрүү үчүн бизнес баштагам. Адегенде эле бир топ акчага алданып калдым. Бизнес меники эмес экенин ошондо билдим. Учурда акчага азгырылып, байып да кеткен жокмун. Кедей болуп, мөгдүрөп да калган жокмун.

Мүнөзүм абдан оор

Сахнада аябай темпераменттүүмүн. Турмушта жиним бат келип, бат тарайт. Театрда 18 жыл директор болдум. Калп сүйлөп, алдап кеткенди, бирөөнү кордоп жатканды көрсөм, өзүмдү кармай албай калам. Кызматкерлерге талапты катуу коем. Москвага окууга 27 бала барганбыз. Окуу башталганда эле декан Нина Чефранова: «Марат, ты будешь старостой», — деп, группага староста кылып дайындап койгон. 5 жыл бою староста болдум. Лидерлик сапат ошондон башталган.

Жашоодо жолдуумун

Мага дайыма күчтүү инсандардын ролу туш келет. Ар биринен өзүмө жакшы жактарын кабыл алам. Берилген ролду ойногондо каарман менен жашап, аны изилдөө керек. Сага чейин аны башкалар канчалык деңгээлде аткара алганын талдап, андан да ашыра аткарам десең, талыкпастан аракет кылышың керек. Мен — кыргыздын биринчи Гамлет, Ричардымын. Андыктан, эч убакта өкүнгөн учурларым болгон эмес.

Сүйүү сезими чанда гана кездешет

Жакшы көрүү сезими бар, бирок аны махабат менен алмаштырып албоо керек. Көбүнесе, азыр бири-бирине көнүп калуу менен жашап өткөндөр көп болуп жатпайбы.

Маданиятка мамлекеттен колдоо керек

Биз СССР учурунда жакшы тарбияланып, мыкты мугалимдерден билим алдык. Ал учурда кыргыздын руханий дүйнөсүн жаратуучулар деп, чыгармачыл адамдарды абдан бийик баалай билишчү. Азыркы чыгармачыл инсандарга абдан күйөм. Бир жагынан боорум ооруйт. Алган айлыгы аз, жашаарга үйү жок. Бирок, азаматтар, алар — замандын чыныгы «жылаңач баатырлары». Маданият тармагы  абдан начар десем да болбойт. Бирок, укмуштай өнүгүп жаткан да жокпуз. Маданиятка мамлекет тарабынан колдоо болмоюнча, жакшы деңгээлге жетишибиз кыйын.

Жан дүйнөм классикалык музыканы каалайт 

Көбүнчө классикага басым жасайм. Моцарттын чыгармаларын, опера ырчылары Лучано Паваротти, Пласидо Доминго, Дмитрий Хворостовскийдин ырларын жакшы көрөм. Азыр болсо, Димаштын күйөрманы болуп жатам (күлүп). Мындай таланттар миң жылда бир жаралат. Бир эле чыгармачыл инсан дүйнөнү дүңгүрөтүп жатат. Кандай мыкты талант, ушундай баланы тарбиялап чоңойткону үчүн ата-энесине ыраазы болушуң керек.

Copyright © 2017 Maral FM