Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамсыз түрдө дары-дармек ташылып жүргөнүн аныктады.
Мекеменин маалыматына караганда, 2020-жылдын 16-декабрында УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында, Талас облусундагы «Чоң-Капка-Автожол» көзөмөл-өткөрмө пунктунан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан дары-дармектер табылды.
Кармалган дары-дармектин 176 түрү салынган 100 кутучанын тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча жүктүн баасы 4 миллион сомдон ашык суммага барабар.
Учурда товардын чоо-жайын тактоо максатында материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка жиберилди.