Ош облусунда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабарлады.
2018-жылы Өзбекстандын жараны Нематжон Хомидов Ош облусунун Кара-Суу шаарына каттоого тургузулуп, кыргыз жаранынын паспорту берилгендиги аныкталды.
Бирок паспорт алган учурда аталган жаран чет өлкөдө болуп, 7 жылдан бери өлкө аймагына кирбей жүргөнү белгилүү болду.
Мындан тышкары, бул жаран мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жана Өзбекстанда Жазык-кодекси боюнча сыртынан камакка алуу чечими чыккан.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык-кодексинин 330-беренесинде («паспортту мыйзамсыз берүү») каралган кылмыш белгилери боюнча катталган.
Финпол учурда иш тергелип жаткандыгын жана паспортторду мыйзамсыз берген фактыларды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын кабарлады.