Биз менен байланышыңыз

«Жалпы иш» коомдук фонду референдум боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 500 | 0

«Жалпы иш» коомдук фонду, Юридикалык жактардын «Таза Шайлоо» ассоциациясы, «ЭГЛЬ» коомдук фонду Кыргызстанда өтө турган референдум боюнча билдирүү жасашты.

Алар Кыргызстандагы шайлоолорго көз карандысыз негизде байкоо жүргүзүү жана референдум боюнча мыйзамды кабыл алуу боюнча өздөрүнүн тынчсыздануусун билдирет.

Ага ылайык, аталган мыйзамды кабыл алуу бир канча суроолорду пайда кылганын жана келечекте бул кадамдар өлкөнүн стабилдүүлүгүнө терс таасирин тийгизип, укуктук системанын келечекте иштөөсүнө жолтоо болушу мүмкүн.

Мындан сырткары «Президенттик шайлоо менен өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча референдумдун бирге өтүүсү да жарандарды эки анжы абалга түртөт», — деп кошумчалайт. Анткени талапкерлердин айрымдары президенттик башкарууну жактаса, айрымдары парламенттик форманы жактайт. Ошондой эле добуш берүү учурунда референдумдун бюллетени да көз жаздымда калуу ыктымалдуулугу бар.

«Жалпы иш» коомдук фонду, Юридикалык жактардын «Таза Шайлоо» ассоциациясы, «ЭГЛЬ» коомдук фонду Кыргызстанда өтө турган референдум боюнча билдирүүсүнүн толук вариантын бул жерден окуй аласыздар:

Заявление о референдуме 1512

Copyright © 2017 Maral FM