Санэпидкөзөмөл борборунун дарыгери Бурул Жусурова маалымат жыйынында Бишкек шаарындагы кара түтүн бир топ ооруларды козгой турганын билдирди.
«Бишкектеги ооруканалардын биринде 3 жыл бою анализ жүргүзүлүп келет. Түтүн жүрөк-кан тамыр, өпкө, мурун, тамак жана онкологиялык ооруларды козгойт. Кара түтүндөн улгайган курактагылар да жапа чегүүдө. Анткени түтүн иммунитетти түшүрүп салат», — деди дарыгер.
Ал шаардагы кара түтүн унаанын, көп кабаттуу турак үйдүн көбөйүшүнөн жана аба желдетилбей калгандыктан болуп жатканын айтат.