Биз менен байланышыңыз

Бишкекти каптаган кара түтүн калкты илдетке чалдыктырууда

Коом , Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 703 | 0

Бишкек шаарынын мамлекеттик экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясы жыл сайын шаарды каптоочу кара түтүндүн алдын алуу чараларын көрүп келет. Быйыл да зыяндуу газ бөлүп чыгарган унааларга рейд жүргүзүү, калктуу жаңы конуштарга газ киргизүү иштерин аткарды. Анткен менен экологдор жасалып жаткан иштер алгылыктуу натыйжа бербей, бул маселеге комплекстүү чаралар көрүлбөй жатканын айтышат.

Соңку жылдары Бишкекте абанын булганышы ченемден бир нече эсе жогорулап кеткенин экологдор байма-бай айтып келишет. Мындай абал айрыкча суук түшөрү менен байкалып, шаарды түтүн каптап, аба кескин булганат. Бул көрүнүштүн алдын алуу боюнча Бишкек шаарынын мамлекеттик экологиялык-техникалык коопсуздук инспекциясы жыл сайын көрүлүүчү чараларды аткарууда. Мекеменин жетекчиси Талантбек Иманакун уулу шаардагы зыяндуу газ бөлүп чыгаруучу эскилиги жеткен унааларга рейд жүргүзүлгөнүн кабарлады.

«Шаардагы унааларга рейд жүргүзүп, андан чыккан түтүндүн зыяндуулугун текшерип жатабыз. Эл ташыган 50 кичи автобусту текшерүүгө алганда, анын 32си зыяндуу заттарды ченемден ашык бөлүп чыгарат экен. Ошондой эле, резина, унаа дөңгөлөктөрүн жаккан мончолор жана ишканаларга текшерүү жүргүзүп, экологиялык талаптарга жооп бербеген тараптарга айып пул салынды», — дейт Иманакун уулу

Ал шаардагы абанын булгануусуна негизинен унаалардан чыккан газ себеп болуп жатканын айтат. Буга апрель, май айларында карантин жарыяланып, унаа кыймылы азайгандан кийинки абанын тазара түшкөнүн далил келтирет. Ошондой эле үй жылытууда көмүрдү көп колдонуу, ар кандай резиналарды жагуу да экологияга терс таасирин тийгизүүдө. Мунун алдын алуу үчүн жаңы конуштарды газ менен толук камсыз кылуу иши боюнча Өкмөт менен «Газпром Кыргызстан» компаниясынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын да маалымдады. Мындан тышкары шаардын батышындагы Жылуулук электр борборун ишке киргизүү да көйгөйдү жеңилдетет.

Эколог Нурзат Абдырасулованын пикиринде, калаадагы бак-дарактын азайышы да экологиялык абалды бир топ оорлотту. Мындай кырдаал жарандардын ден соолугуна кооптуулук жаратат. Андыктан экологиялык маселелерге олуттуу маани берүү керек деп эсептейт. Ошондой эле эскилиги жеткен унаалардын санын азайтып, сапаттуу коомдук транспортту өнүктүрүү жана элетромобилдереге өтүү зарыл экенин кошумчалады.

«Учурда Бишкекте экологиялык абал өтө начар. Абанын булгануусуна себептер абдан көп. Биринчиден, жылуулук системалары жана ишканалар бөлүп чыгарып жаткан түтүндөр. Экинчиден, эски унаалардан бөлүнүп чыгып жаткан уулу заттар. Шаардын экологиялык абалын жакшыртуу үчүн комплекстүү кадамдарга баруу зарыл. Көмүрдүн ордуна башка альтернативдүү булактарды колдонууну сунуштоо керек. Биз жаңы энергиянын булактарын колдонуучу заманбап технологияларды иштеткенибиз пайдалуу. Бул абанын жакшырышына, экологиянын тазарышына, ден соолуктун бекем болуусуна шарт түзөт», — дейт эколог.

Калаа тургундарынын саламаттыгына зыян тийгизип жаткан дагы бир кооптуу жагдай — таштанды таштоочу жайдан чыккан газ. Экотехинспециянын башчысы Талантбек Иманакун уулу бул боюнча да атайын чаралар колго алынып, шаардын түндүгүндөгү таштандыларды кайра иштетүү, кийинки ташталчу заттарды да зыянсыздандыруу маселеси мерчемделип жатканын айтат. Ошондой эле алдыдагы эки жыл аралыгында шаарга 20 миңден ашуун бак отургузуу каралууда.

Антсе да, жыл сайын шаарды каптаган кара түтүнгө каршы комплекстүү чаралар көрүлбөй келгенин экологдор айтышат. Алар экологиялык жоопкерчиликти мамлекеттик органдардан тышкары, ар бир жаран да сакташы керек деп эсептешет.

Даярдаган: Дастанбек Каримов

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM