Биз менен байланышыңыз

АКШ Түркияга санкция салды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 683 | 0

Америка Кошмо Штаттары Түркиянын коргонуу тармагынын жетекчилерине санкция салды. Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлиги билдиргенин «Reuters» агенттиги жазды.

Мындай жол менен АКШ Түркияны Орусиядан абадан коргонуучу «С-400» системаларын сатып алганы үчүн жазалоого ниеттенүүдө.

АКШ Вашингтондун Анкарага каршы колдонгон чарасы Түркиянын экономикасына таасир этүүгө тийиш деп эсептейт. Агенттик коронавирус пандемиясы ансыз да түрк экономикасын алсыратканын белгилеген.

Былтыр АКШ Түркия «F-35» учактарына коркунуч жарата турган «С-400» системаларын сатып алганын, эки система бири-бирине шайкеш келбей турганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM