Биз менен байланышыңыз

Сайдилкан: 80% экономика жөнүндө сүйлөшүбүз керек

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Дек 2020 | 485 | 0

Кыргызстанда басымдуу жаран саясат тууралуу сүйлөп, пикирин айтат. Бирок алардын 80 %ы эң маанилүү болгон экономикага тиешелүү эмес. Бул көрсөткүч тескерисинче болуп, 80 %ы экономика тууралуу кеп кылышы керек. Мындай пикирин ишкер Жодар Сайдилкан «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коррупция жана жумиушсуздук маселесин чечүүнүн жолдору түздөн-түз экономикага байланыштуу. Аймактык реформаны ишке ашырууда эл аралык тажрыйбаны колдонуу зарыл.

Дүйнө коомчулугу инвестиция тартуу базарында иш алып барууда. Ал эми Кыргызстан ал рынокто жок, жөндөмдөрүн дүйнөгө жаман көрсөтүп келет. Эгерде инвестиция тартууда жергиликтүү бийликтин үлүшү чоң боло турган болсо, инвесторду эл өздөрү эле коргоп алат. Анткени акчанын улуту жок, жасалган инвестицияны эч ким көчүрүп кете албайт.

«Инвестиция тарта албай жатканыбыздын себептеринин бири: аймактык-территориалдык реформаны ишке ашыра албай жатканыбызда. Алып карасак, кен байлыктар боюнча жергиликтүү бийликтин үлүшү абдан аз. Тендердин баары борбордо өткөрүлөт. Мунун жанында жергиликтүү бийликтин пикири, добушу эске алынбайт», — дейт Сайдилкан

Copyright © 2017 Maral FM