Биз менен байланышыңыз

Башкортостандагы өрттөн 11 карыя каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 352 | 0

Башкортостандын Ишбулдино айылындагы кары-картаңдар үчүн салынган жеке пансионаттан чыккан өрттөн 11 карыя каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргенин «ТАСС» агенттиги жазды.

Өрт пансионаттагы үйдүн 72 чарчы метрине жайылган. Өрт өчүрүүчүлөр келгенде жер там толугу менен күйүп кеткен.

Пансионаттын 4 кызматкери качып чыгууга үлгүргөн. Ал эми дарыланып жаткан карылар чыгып кеткенге үлгүрбөй, жеринде каза табышкан.

«Өрттүн чыгуу себеби такталууда. Ыкчам-тергөө кызматы жана атайын эксперттер окуя болгон жерге жиберилген. Ошондой эле каза болгондордун жакындарына психологиялык жардам көрсөтүү кызматы да уюштурулган», — деп айтылат маалыматта.

Айрым маалымат булактары жазгандай, аталган үйдө кары-картаңдарга туруктуу жашоого уруксат берген лицензия болгон эмес. Үй убактылуу жардам алууга гана ылайыкталган.

Башкортостан Республикасында өзгөчө кырдаал жарыяланып, прокуратура тарабынан «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM