Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кыргызстанда дагы беш бейтап каза болду

Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 679 | 0

Кыргызстанда 14-декабрга карата беш бейтап каза болду. Анын ичинен бир учур Бишкек шаарында, эки учур Ош облусунда, Баткен облусунда эки учур катталды.

Пандемия башталгандан бери жалпы 1312 бейтап коронавирустан каза тапты.

Акыркы бир суткада COVID-19 илдетинин 318 учуру катталды:

  • Бишкек — 126;
  • Ош — 4;
  • Чүй облусу – 79;
  • Ош облусу — 6;
  • Талас облусу — 4;
  • Нарын облусу — 12;
  • Ысык-Көл облусу – 46;
  • Жалал-Абад облусу – 25;
  • Баткен облусу — 16 учур катталды.

Өлкөдө коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 77 миң 674кө жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 258 бейтап сакайды. Алар:

  • Бишкек – 96;
  • Ош шаары – 29;
  • Чүй облусу – 56;
  • Ош облусу – 24;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 13;
  • Жалал-Абад облусу – 18;
  • Баткен облусу – 15 адам айыкты.

Өлкөдө коронавирус менен ооруп, айыккандардын жалпы саны 70 миң 450гө жетти. 

Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алып, 9 кызматкер айыкты.

COVID-19 вирусу 4039 медикке жугуп, 3770и сакайды.

Copyright © 2017 Maral FM