Биз менен байланышыңыз

Улуттук адабият күнүндө «Кылым карытар бир күн» спектакли коюлат

Билим-маданият , Коом | 11 Дек 2020 | 1841 | 0

12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана улуу акын Алыкул Осмоновдун каза тапкан күнү. Мындан улам Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, Кыргыз Республикасынын эл акыны Эгемберди Эрматов «12-декабрды Улуттук адабият күнү деп атоо жөнүндө» токтом долбоорун демилгелеп, 2011-жылдын 28-январында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыккан. Токтом долбоор бир добуштан кабыл алынып, ошол күндөн тарта 12-декабрь расмий түрдө Улуттук адабият күнү катары белгиленип келет.

Салтка айланган саамалык быйыл да А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков баштаган бийлик өкүлдөрүнүн жана бир катар адабият, маданият ишмерлеринин катышуусунда өткөрүлөрү кабарланды. Жылдагы иш-чаралардан айырмаланып, быйылкы салтанатта Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынын негизинде даярдалган спектакль коюлат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси жана колдоосу менен адабий коомчулукка тартууланганы турган спектаклдин А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасына коюлуп калышына Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы себеп экенин министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Спектаклдин режиссеру, Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Назым Мендебаиров чоң көлөмдөгү романды эки сааттык спектаклге сыйдыруу оңойго турбаганын айтып, коюлум буга чейин бир нече сыйлыктарга ээ болгонун белгиледи. Ал бул жолу да көрүүчү көп болорунан үмүттөнүп турганын жашырган жок.

«Улуттук адабият күнүнө жана улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата бул спектаклди даярдап жатабыз. Бул романды эки жыл мурун сахналаштырганбыз. Спектаклдин аркасы менен республикалык фестивалда, эл аралык «Арт-Ордо» фестивалында, дагы бир топ фестивалдарда байгелүү орундарды жеңип алганбыз. Ошондуктан элге эртең дагы бир тартууласак деп турабыз. Пандемия учурунда эл үйүндө болуп спекталге суусаган чыгар. Мындан тышкары да жаңы мыкты делген, элге жагат делген спектаклдердин үстүндө иштөөдөбүз. Буйруса, театрыбыздын оңдоп-түзөө иштери бүтсө, элге алып чыгууга даярбыз».

Аталган театрдын актёру Данияр Жанжигитов бул спектаклде баш каарман Эдигейдин ролун аткарат. Ал өз сөзүндө театр адамдын аң-сезимине чоң таасирин тийгизерин, жакшы спектакль көрүп же пайдалуу китептерди окуп чоңойгон бала маданиятка сугарылып, кийин эрезеге жеткенде жаман жорук-жосундарга барбасын кеп салды.

«Режиссёр: «Эдигейдин образын сага берем», — дегенде аябай коркком, ошондон бери күнү-түнү даярданып, ойлонуп-толгонуп, кыйналып жүрүп өз максатыма жеттим деп ойлойм. Бул образым үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкты алгам. Негизи, театр деген — керемет нерсе. Эми азыркы муундун эрмеги эле интернет болуп калбадыбы. Театр 1970-1980-жылдары бренд болчу. Жаштар үчүн айылдан келген ата-энесин театрга алып келүү модага айланган ал учурда. Анткен менен акыркы жылдарда көрөрмандын катары өсүп-көбөйүп келе жатат. Театрдын мыйзамы ушундай да, 100 кишинин ичинен 10 киши тарбия алып кетсе, чоң жеңиш деп эсептелинет. Театр эч качан шоу болбошу керек. Жакшы спектакль көрүп, жакшы китеп окуган бала эч качан жаман жолго барбайт». 

Белгилей кетсек, спектаклге билет сатылбайт. Пандемиядан улам орундар чектелүү болгондуктан белгиленген адамдарга гана чакыруу билети таратылат. Аны эртең, 12-декабрда саат 15:30га чейин театрдын алдынан алууга болот. Келген коноктордон санитардык ченемдерди сактоо, беткап тагынуу талап кылынат.

Copyright © 2017 Maral FM