Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кыргыз-Казак маданий борбору ачылды

Билим-маданият | 11 Дек 2020 | 1205 | 0

Бүгүн, 11-декабрда Абай Кунанбаев атындагы Кыргыз-Казак маданий борборунун ачылыш салтанаты болуп өттү. Иш-чара казактын улуу акыны, агартуучусу Абай Кунанбаевдин бюстун ачуу аземи менен башталды.

Эки элдин адабий-маданий байланышын дагы да бекемдөө ниетинде жана Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата уюштурулган маданий борбор Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын имаратында жайгашкан. Китепкананын жетекчилиги тарабынан атайын бөлмө бөлүнүп берилип, аны оңдоп-түзөө иштери Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги жана Кыргызстандагы казак ассоцияциясы тарабынан жүргүзүлгөн. Аянты 420 чарчы метрди түзгөн борбордо жыйындар залы, маектешүү бөлмөсү жана окуу залы жайгашкан.

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын жетекчиси Жылдыз Бакашева маданий борбор Абай Кунанбаевдин руханий мурасын кеңири жайылтуу жана изилдөө максатында ачылганын айтып, бул көрүнүш кыргыз-казак алакасынын түбү бекем экенин тастыктаганын билдирди.

«Бул борбор — эки элдин маданий, гуманитардык достугунун белгиси. Борбордо көптөгөн жазуучулардын, акындардын жолугушуулары, көркөм сүрөт көргөзмөлөрү, сынактар, ушул Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгына байланыштуу көптөгөн иш-чаралар өтүп турат. Абай Кунанбаев атындагы маданий борбордун ачылышы улуу агартуучуга болгон кыргыз элинин сый-урматы деп эсептейбиз». 

Борбордун дагы бир максаты Казакстандын жана Кыргызстандын маданиятын, искусствосун, үрп-адатын, тарыхын кеңири жайылтуу болуп саналат. Маданият маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков элди маданий борборго келип, руханий азык алып кетүүгө чакырды. Учуру келгенде кыргыздын мындай борборлорун Астана, Алматы шаарларына ачылуусун тилек кылып, казак элчисине маданий кызматташууну дагы да өркүндөтүүнү сунуштады.

«Бизди көргөндө башкалар жандарынан түңүлгөндөй жашайлы. Ушул борбор кыргыз-казактын жүрөгүн бириктирген, башын бириктирген, ынтымагынын бекемделишине себепкер болгон, эки элдин биримдиктеги ооматынын, ырыскысынын артышына себепкер болгон акжолтой борбор болсун».

Салтанаттын жүрүшүндө Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулованын куттуктоо катын окуду. Ал өз сөзүндө Абай Кунанбаев атындагы борбордун ачылышы Казакстан Республикасынын 16-17-декабрь көз карандысыздык күнүнө туш келгени жакшы жышаан экенин белгиледи. Кайрат Нурпеисов эки эл эзелтен бери бир туугандай жакын мамиледе деп, маданий борбордун ачылышына жардам көрсөткөн инсандарга ыраазычылык сөзүн айтты.

«Борбор кайдыгер эмес адамдардын демилгеси менен ачылганын айткым келип турат. Биздин арабызда маданият тармагына, ошондой эле достук алаканын бекемделишине салым кошуп келген инсандар бар. Булар өзгөчө эки өлкө ортосундагы достукту бекемдеген жарандар. Инвесторлор деген сөздү айткым келбей турат, аларды мен чын дилинен, чын жүрөктөн жардам көрсөткөн инсандар катары белгилемекчимин».

Маданий борбордун ачылышына салым кошкон инсандардын бири ортопед врач, академик Сабырбек Жумабеков өтүп жаткан саамалыкка жогору баасын берип, сүйүнүчүн жашырган жок. Ал өз сөзүндө бул сыяктуу иш-чаралар аркылуу эки элдин биримдиги бекемделе беришин тилеп өттү.

«Бүгүнкү күндө мен ачылып аткан борборду аябай кубаныч менен кабыл алдым. Эки элдин ортосундагы ушул мамилени мындан ары дагы бекемдей турган, мындай саамалыктар көп-көп болуп турсун».

Эскерте кетсек, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын фондун толуктоо үчүн Казакстан тарап Казакстандын тарыхы, философиясы, адабият таануусу, исскуствосу, классикалык жана учур адабияты сыяктуу ар кыл багытта жазылган 500 аталыштагы китептер топтомун тапшырды.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Copyright © 2017 Maral FM