Биз менен байланышыңыз

Жылдызы жанган андагы атактуулар бүгүн кайда?

Учурунда дүбүртү дүңгүрөп, эл оозуна алынган, кийинчерээк чыгармачыл чөйрөдөн алыстап кеткен ырчылардын абалынан кабар алып, сахнадан көрүнбөй калуусунун себептерин сурадык.

Мээрим Шакулина, ырчы:

— Чыгармачылыктан алыстаганыма дин жолуна түшкөнүм себеп болду. Азыркы учурда төрт баламдын үчөө онлайн окуйт. Ал эми кичүүбүз бала бакчага барбагандыктан, балдар менен үйдөмүн. Кайрадан чыгармачылыкка кайтуу оюма келбептир, азыркы жашоом шүгүр кылам.

Сапар Сопубеков, ырчы:  

— Чыгармачылыктан алыстаган жокмун. Тойлорго, жакшылыктарга байланыштуу бир аз тыныгуу жасадым. Учурда ата-энемдин жанында болуп, иштерине кол кабыш кылып жүрөм. Буюрса, жаңы жылдан кийин жаңы ырларым менен чоң сахнадан көрө аласыздар.

Сема, ырчы:

— Чакан бизнес менен алек болгондугума байланыштуу, чыгармачылыкка убакыт жетишпей, бир канча убакытка чейин чекит койгонго туура келди. Бирок, бул деле шылтоо болсо керек. Анткени, шоу-бизнес тармагында эмгектенген инсандардын бир убагы болот окшойт. Азыр эргүү жок. Балким, бир канча мезгилден кийин кайра кайтып келем.

Учурда үч ыр даярдап жатам. Бир күндү атайын белгилеп, ырларымдын үстүнөн иштейин десем, режиссёрлор бошобой калат. Алардын убактысы жок же шылтоосу көп болот окшойт (күлүп). Бизде жоопкерчилик жокко эсе эмеспи. Башында «келе бер» дешет да кайра «жумушум чыгып калды же ооруп жатам»  дешет. Айрым бир учурларда өзүмдүн жумушум чыгып калат. Эптеп убакыт таап барсаң, башкалар келип калып, тоскоолдук жаратат. Айтор так-даана сааты чыкпай жатат.

Мирбек Иманбеков, ырчы:

— Чыгармачылыктан алыстаганымдын себеби: жеке жашоомо байланыштуу. Убактымдын көбүн өскөн жерим Таласта өткөрүп, бир аз болсо да тыныгуу жасап, ошону менен катар үй-жайды, атамды, үй-бүлөмдү кароо менен алек болуп жүрөм. Буюрса, кайрадан чоң сахнага кайтайын деген ойлорум бар. Болгону, кичине убакыт керек болуп жатат.

Жылдыз Тутуева, ырчы:

— Учурда аэропортто иштеп жаткандыгыма байланыштуу көбүрөөк убактым ошол жакта өтүп жатат. «Эмгектенип, пенсияга чыгып алсамбы» деген тилегим бар. Чыгармачылыкты жандантып, кайрадан баштоого убакыт да келет.

Жеңишбек Айтиев, куудул, ырчы:

— Чыгармачылыктан алыстаган жокмун. Сахнага чыкпай, сыналгыдан көрүнбөй калганымдын себеби: карантинге жана саясий маселелерге байланыштуу. Буюрса, жаңы жылдык иш-чараларга буюртма алып жатам. Кадыр Жарматов экөөбүз «Күлкү сериал» деген кинонун сценарийинин  үстүндө иштеп жатабыз. Кез-кезде күйөрмандарымдын, угармандарымдын суранычы боюнча, ортодо тыныгуу болуп калбасын деп кээде жаңы ырларды жаздырып коем.

Copyright © 2017 Maral FM