Биз менен байланышыңыз

Сейткулов: Ишкердикти сагыз сатуу менен баштагам

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Дек 2020 | 672 | 0

Ар бир адам ишкер боло алат. Мындай пикирин «Ордо Трейд» компаниясынын негиздөөчүсү Эрлан Сейткулов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Бардык адам ишкер боло алат. Бирок «Кандай ишкер?» — деген суроо туулат. Алсак, адал иштеп, ак эмгектенген жана арам акча тапкан ишкердик бар. Баарын ишкер болууга чакырбайм. Анткени бизнес көп убакыт, эмгек, энергия талап кылат. Ишкер адамдан көрөгөчтүк, сабырдуулук талап кылынат. Мен ишкердикти мектепте окуп жүргөндө сагыз сатуу менен баштагам. Кийин да алып сатууну улантып кеттим окшойт», — дейт ишкер.

Сейткуловдун айтымында, ишкер болууну самаган адам башка ийгиликтүү бизнесмендердин тажрыйбасын колдонууну өздөштүрүшү керек. Алар менен баарлашып, мамиле түзүү жемишин берет. Бизнес жүргүзүүдө эң башкысы каалоо жана кызыгуу болушу кажет.

Ишкер кошумчалагандай, Кыргызстанда ишкердик кылуу татаал болуп баратат. Пандемия жана өлкөдөгү саясий окуялар бизнеске кесепетин тийгизди. Анткени бизнеске биринчи кезекте экономикалык жана саясий туруктуулук керек.

Copyright © 2017 Maral FM