Биз менен байланышыңыз

29-декабрга чейин шайлоочулар өздөрүн тизмеден текшере алат

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 754 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин тапшырган кол тамгаларын текшерип жатат. Маалыматтарга караганда, эки талапкер — Кубан Чороев жана Кубанычбек Токтосунов тапшырган кол тамгаларда айрым кемчиликтер табылганы айтылууда. 

Талапкерлер 30 миңден ашык кол тамганы 4-декабрда тапшырган. БШК 8 иш күнү ичинде анын жарактуулугун текшерип чыгат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 29-декабрга чейин  жарандар өздөрүн төмөнкү даректерден текшере алышарын кабарлайт:

  • шайлоо участогуна баруу;
  • «Тизме» — https://tizme.gov.kg/ шайлоочулардын порталынан;
  • 119 номерине чалуу менен (телефон чалуу акысыз);
  • 119 номерине жеке ПИН номериңизди СМС аркылуу жиберип, шайлоо участогуңуздун номерин жана дарегин биле аласыз.

Эгер кандайдыр бир ката же так эместик кеткен болсо, же шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсо, жарандар 29-декабрга чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрыла алышат.

Добуш берүү күнү чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар 29-декабрдын кечине чейин дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге арыз жазып, ага паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен, шайлоо участогунда добуш берүүгө каалоосун билдирет.

Жогорудагы арыздарды берүү менен шайлоочулар биометрикалык идентификациялоодон өтүшөт. Ошондой эле «Тизме» порталындагы шайлоочунун бөлмөсү аркылуу авторизациялоодон өтүү менен, арызды электрондук форматта берүүгө да болот.

Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

2020-жылдын 10-ноябрына карата шайлоочулардын саны 3 млн 544 миң 403тү түздү. Анын ичинен эркектер 47,77 пайыз, аялдар 52,23 пайыз. 

Октябрда болгон шайлоого салыштырганда, бул жолу шайлоочулардын саны 20 миң 849 адамга көп. 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого караганда 264 миң 473 адамга, 2015-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 762 миң 257 кишиге көбөйгөн.

Copyright © 2017 Maral FM