Бишкек шаарынын мэриясында бир топ кадрлар алмашты. Алар сынак менен алынганын мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кабарлады.
-Абдес Анарбеков Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси кызматына дайындалды. Ал буга чейин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып келген.
-Мырза-Айым Камчибекова Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
-Асхат Осмонов мэрдин милдетин аткаруучунун кеңешчиси;
-«Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын башчысы Нурлан Наматов, анын орун басары болуп Тынчтык Медербеков дайындалды.
-«Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасын Адилет Курпердиев жетектейт.
-Жер ресурстар башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруу Бакай Турдугуловго жүктөлөт. Ал ушул эле башкармалыктын юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.
-Жер ресурстар башкармалыгынын мурдагы башчысы Азамат Сагындык уулу эми калаанын жер саясаты, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри кызматын аркалайт.