Биз менен байланышыңыз

9-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 380 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 9-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун кээ бир райондорунда, тоо этектеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй облусунун тоолуу аймактарында, Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда, Нарындын көпчүлүк аймактарында кар жаайт.

Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2,

Талас облусунда түнкүсүн -8….-13, күндүз -3…+2,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5,

Нарын дубанында түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз 0…-2 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM