Биз менен байланышыңыз

Айтматовдун чыгармаларынын аудио версиясы жарык көрдү

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 518 | 0

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө (12-декабрь) карата аудио китеби жарык көрдү. Бул тууралуу маалымат жыйында Чыңгыз Айтматов академиясынын өкүлү Нурболот Азаматов кабарлады.

Жыл сайын декабрдын экинчи жумасынан баштап, залкар жазуучу Айтматовду эскерүү иш-чаралары өтөт. Быйыл бардык чыгармалары үн коштолуп, диск түрүндө чыгарылды.

Китептин аудио версиясын «5-каналдын» башкы директору Эрнис Кыязов окуган. Интернет булактарында кыргызча аудио китептердин саны салыштырмалуу аз болгондуктан Айтматовдун чыгармаларын аудиолоштурган.

«Орусча сайттарды карасам орус тилинде аудио китептер өтө көп чыгат. Бизде саналуу гана болгондуктан, өзүм жасап көрүүнү чечтим. Санаалаштарым менен кеңешип, Айтматовдун бардык чыгармаларын аудиолоштуруп, Youtube каналга жүктөгөнбүз. Ошондой эле жазуучунун чыгармалары диск түрүндө чыгарылып, Билим берүү жана илим министрлигине, көзү азиздер коомуна, карыялар үйүнө берилет», — деди Кыязов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM