Биз менен байланышыңыз

Ара жолдо калган театрларга жылуулук берүү зарыл

Билим-маданият | 9 Дек 2020 | 1101 | 0

2019-жылдын 5-июлунда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үч театрдын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 198 млн сом каражат бөлүү чечимине кол койгон. Финансы министрлиги Маданият, маалымат жана туризм министрлигине төмөнкү негизде каражат бөлүп бермек:

  1. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратын капиталдык оңдоо үчүн — 84 млн 605 миң сом;
  2. Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын имаратын капиталдык оңдоо үчүн — 97 млн 658 миң сом;
  3. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын имаратын капиталдык оңдоо үчүн — 16 млн сом;

Оңдоого убада берилгенден кийин, имараттардын жылуулук системасы өчүрүлгөн. Тилекке каршы бөлүнө турган каражат пандемияга байланыштуу толук берилбей, ортодон үзгүлтүккө учураган. Эми кыш мезгили кирип келип, жылуулук системасын кайра иштетүү маселеси көйгөй жаратты. Себеби жылуулук берилбесе, имарат толук керектен чыгып, миллиарддаган сомдук чыгашага учуратып коюу коркунучу бар экенин 28-октябрда Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков айткан.

«Ремонт болсун деп, жылуулуктарын кесип койгонбуз, пандемиядан улам акча бөлүнбөй калды. Эми экөөндө тең жылуулук өчүрүлгөн бойдон турат. Ушул бойдон кышка калып кетсе, имарат толугу менен керектен чыгат. Ошого жылуулукту толук калыбына келтирүү үчүн бир жагына 10 миллион сомдой, бир жагына 15 миллион сомдой акча керек болот».

Учурда Орус драма театрына 10 млн сом которулганын, ал эми Кыргыз драма театрына акча бөлүү күтүлүп жаткандыгын министрликтин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева билдирди.

«Жакынкы арада эң алгач эки драма театрдын жылуулук системасын калыптандыруу маселеси көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө Орус драма театрына 10 млн сом бөлүнүп, калыбына келтирүү иш-аракети жүргүзүлүп жатат. Жакынкы аралыкта Кыргыз драма театрына 15 млн сом бөлүнгөнү турат». 

Бул боюнча Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жетекчиси Асылбек Өзүбековго байланышканыбызда 10-декабрдан кийин кабарлашарын айтты. 

Ал эми мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бүгүнкү күндө маданиятты жана театрларды эң акыркы планда карап жатканын айтып, аталган театрлардын чатырын алмаштырып, жылуулугун бербесе, эртең үч эсе чыгымга учурап калуу мүмкүн экендигине токтолду.

«Ошондуктан Өкмөткө дагы кайрылып кетер элем, бул маселенин тез аранын ичинде чечип берүү керек. Чечпесе, эртең театр да иштебейт, ошондой эле буга чейин жасалган бардык ремонт иштери текке кетет».

Кошумчалай кетсек, 2019-жылы баштапкы сумма катары Кыргыз драма театрын оңдоп-түзөө үчүн 20 млн сом, Орус драма театрын оңдоого 4,5 млн сом которулган.

Copyright © 2017 Maral FM