Кыргызстанда окуучулар арасында коронавирус жуктургандардын саны өстү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Быйыл сентябрь айында 7-17 жашка чейинки балдардын арасында 48 учур катталган. Октябрь айында 315 учур катталып, 6,5 эсеге көбөйдү. Ал эми 1-декабрга карата 320 учур катталды.
Айнура Акматованын айтымында, окуучулар арасында вирус жуктургандардын өсүүсү алардын мектепке баруусу менен байланыштуу эмес. Бардык катталган учурлар үй шартындагы абалга байланыштуу болгон.
Кыргызстанда 8-декабрга карата коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 75 миң 690го жетти. Каза тапкандардын жалпы саны 1301, айыккандар 67 миң 873тү түзүүдө.