Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык спортчулар Мария Коробицкая менен Илья Тяпкинди салтанатуу тосуп алышты

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 340 | 0

7-декабрь күнү кыргызстандык спортчулар Мария Коробицкая жана Илья Тяпкин Ташкенттен Бишкекке кечки авиакаттам менен учуп келишти. Алар II Ташкент эл аралык марафонуна катышкан.

Спортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчи орун басары Эрлан Бекманбетов жана жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын ага машыктыруучусу Айбек Сыргакбеков тосуп алышты.

Спортчуларды аталган мелдешке спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция иш сапарга жөнөткөн.

Мария Коробицкая 42 чакырым 195 метр классикалык аралыкты 2 саат 26 мүнөт жана 42 секундада чуркап өтүп, аялдар арасында финишке биринчи келди (Олимпиадалык норматив – 2 саат 29 мүнөт 30 секунд). Ушунун аркасында Мария Коробицкая Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Илья Тяпкин 42 чакырым 195 метр аралыкта 2 саат 16 мүнөт жана 6 секунд жыйынтыгы менен эркектер арасында экинчи орунду ээледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM