Биз менен байланышыңыз

Москвада Талант Мамытовдун келишине карата пикет уюштурулду (сүрөт)

Кыска кабар | 7 Дек 2020 | 1608 | 0

Бүгүн, 7-декабрда Москвада Орусиянын Мамлекеттик Думасынын имаратынын алдында кыргызстандыктар тынчтык митингин өткөрүштү.

Фейсбуктагы Pikir.kg баракчасынын жазганына караганда, алар Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун Москвага барышына карата чогулушкан.

Марш уюштурган мекендештер Жогорку Кеңештин учурдагы курамынын ишмердүүлүгү легитимсиз экенин айтышып, тарап кетүүгө чакырышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ушул тапта Москвада. Ал бүгүн Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду.

Талант Мамытов Орусиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Анда соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болуп, андан тышкары парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргызстан менен Орусиянын алакасын арттыруу маселелери талкууланат.

Ошондой эле Талант Мамытовдун Евразия Экономикалык Комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруучу комитеттин төрагасы — КМШнын Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуулары мерчемделген.

Иш сапардын соңунда Талант Мамытов Орусияда жашаган мекендештер менен жолугушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM