Мамлекеттик бажы кызматынын аткезчилик менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Евразия Экономикалык Биримдигинин аймагына мыйзамсыз алынып келген автоунааларга байланыштуу ишти ачыкка чыгарды. Бул маалыматты Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алар:
— 1 даана «Lexus-570»;
— 1 даана «Toyota Highlander»;
— 2 даана «Toyota-4 Runner» унаалары.
Муну менен мамлекеттин бюджетине 12 млн 997 миң 877 сом зыян келтирилген. Бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү органдын көзөмөлүнө алынды.