Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Вирус аныкталгандар жалпы 66 млнго чамалады

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Дек 2020 | 571 | 0

5-декабрга карата дүйнө боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 65 миллион 842 миң 942 адамды түздү. Бул маалымат Жон Хопкинс университетинин булагынан алынды.

Вирус жуктуруп алгандардын ичинен 42 миллион 301 миң 454 бейтап айыгып чыккан. Андан сырткары 1 миллион 518 миң 560 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн башында АКШ турат. Анда вируска кабылгандардын жалпы саны 14 миллиондон ашат.

Америкадан кийинки рекорд Индияга таандык. Бул өлкөдө жалпы 9 миллион 571 миң 559 адамдан коронавирус аныкталган.

Ал эми тизме боюнча үчүнчү сапта Бразилия турат. Аталган өлкөдө 6 миллион 533 миң 968 адам вируска кабылган. 

Copyright © 2017 Maral FM