Биз менен байланышыңыз

«Биз «Манасты» сыйласак, келечек бизди сыйлайт»

Билим-маданият , Коом | 4 Дек 2020 | 991 | 0

Бүгүн — «Манас» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине катталган күн. Дал ушул саамалыктын урматына 2015-жылы 27-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «4-декабрды «Манас» эпосунун күнү катары белгилөө жөнүндө» №259 Токтомун кабыл алып, андан бери бул күн жыл сайын салттуу түрдө майрамдалып келет. Саамалык быйыл да уланып, Таластагы «Манас Ордо» комплексинде бир күндүк «Манас» айтуу иш-чарасы өтүп жатат.

Салтанатка бийликтин өкүлдөрү, манасчылар, изилдөөчүлөр, маданият кызматкерлери жана көрүүчүлөр катышууда. Расмий бөлүк К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалуу драма театрынын актерлору даярдаган «Семетейдин Таласка келиши» аттуу театралдык коюлум менен башталып, андан соң вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева, Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов, коомдук ишмер Карганбек Самаков куттуктоосун жолдоду. Иш-чаранын экинчи бөлүгү жер-жерден келген манасчылардын бир сутка кезектешип «Манас» айтуусу менен уланды.

Расмий бөлүктө куттуктоосун жолдогон Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков бул саамалыкты кийинки жылдарда Кыргызстандын башка аймактарында да өткөрүү мерчемделип жатканын маалымдады. Министр өз сөзүндө «Манас» эпосунда бардык илимдер камтылганын баса белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

— «Манас» — биздин тагдырыбыз; «Манас» — биздин тарыхыбыз; «Манас» — биздин тамырыбыз. Эгерде тамырга суу куйбасак: мөмө да болбойт; жалбырак да көгөрбөйт; бутак да чартактабайт. Биз бүгүн «Манасты» сыйласак, эртең келечек бизди сыйлайт. Биз кандай бактылуу элбиз, «Манастай» улуу дөөлөт, руханий байлык буйрулган.

Башта баса белгилеп өткөндөй, 2013-жылдын 4-декабрында Баку шаарында өткөн ЮНЕСКОнун VIII сессиясында «Манас» эпосу аталган уюмдун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине катталган. Каттатуу демилгесин көтөрүп чыгып, аны ишке ашырууга эбегейсиз эмгек сиңирген, ошол күнү Кыргызстандан атайын өкүлдөрдү жетектеп барган коомдук ишмер Карганбек Самаков демилгени ишке ашырууга 3 жыл талап кылынганын маалымдап, ошол күндөгү калтааруу, кубануу сезимдери дале көз алдында турганын айтты.

— Ошол күндөгү толкундоо абдан катуу болду. Айрыкча меники, эгерде ушунча чуркап жүрүп, «Манас» эпосубузду дүйнөлүк мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан каттата албай калсам, болбой калмак. Ошол VIII сессиядагы 37 номинацияны бүт кулатып, бизге убакыт жеткенде, барган делегация өкүлдөрүнүн баары кабатырланып турганы күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Айтор башкача күн болгон. 

Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында 14 саат 27 мүнөт «Манас» айткан Дөөлөт Сыдыков тарыхка жазылып кала турган бул кадамды Манас атабызды эскерүү аркылуу элибизге кут орносун, эл биримдикке келсин деген үмүттө жасаганын белгилеп, кыргыздын каны жүгүргөн ар бир атуул, өзгөчө өсүп келе жаткан муун улуу эпосубузду унутпай, анын бийиктигин биле жүрүшүн каалайт.

— Майдаланып кеттик да. Анан ушул алп аталарыбызды кайра бир эстеп, өзүбүздү, өзөгүбүздү таанысак дедим. Биз ким элек? Ким болуп калдык? Кимдин урпагы элек? Кимге айландык? Эркек менен эркек, кыз менен кыз үйлөнөт деген жаман нерсе да. Кудайдын мыйзамына каршы чыккан нерсе да. Жаратылыштын мыйзамына каршы чыккан нерсе да. Ошонун баарынан арылып, жакшылык болсун, кут орносун деген максат болгон».

Айта кетсек, бүгүн Таластагы «Манас Ордо» комплексинде өтүп жаткан «Манас» айтуу эртең 5-декабрь саат 11:00дө жыйынтыкталат. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиевдин маалымдашынча, кийинки жылы бул салтанатты Ысык-Көл облусунда өткөрүү каралууда.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Copyright © 2017 Maral FM