Биз менен байланышыңыз

Абдумалик, Айнагүл: Бири-бирибизди табыштырган Жаратканга шүгүр

35 жылдан бери чыгармачылыктын ары кызыктуу жана татаал учурларын башынан өткөрүп келе жаткан эстрада ырчысы Абдумалик Шерматов жана жубайы Айнагүл Абазова «Марал» радиосунун «Эсте болсун эки саат» программасына келип, элге жакшы маанай тартуулап, чыгармачылыктагы соңку жаңылыктары тууралуу айтып беришти.

Келе жаткан жылы концерт берем

Абдумалик: — Чыгармачыл инсандар дайыма маанайын көтөрүп жүрүшү керек. Ар бир ырчыда жаңылык болот. Алдыда аябай көп пландарыбыз бар. Келе жаткан жылы 55 жашымды белгилеп, концерт өткөрөбүз. Азыр Айнагүл экөөбүз ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Кыйынчылыктарды сабыр менен жеңип келебиз. Жараткан алдында ниетибиз түз. Жубайыма: «Биз уктабашыбыз керек, алдыга гана умтулалы», — деп келем.

Кайрымдуу болууга апам үйрөткөн

Абдумалик: — Кайрымдуулук демекчи, апам мени ушул нукка үйрөтүп кетти. Азыр Айнагүл Абазова атындагы кайрымдуулук фонду бар. Майыптарга дем бере турган жакшы сөздөрдү арнап, аң-сезиминдеги «мен майыпмын» деген түшүнүктү жоюуга, өзүн дени соо адамдар сыяктуу эле алып жүрүүгө үйрөтөбүз, үндөйбүз.

Айнагүл: — Мындан сырткары кем-карчы болсо, колдон келген жардамыбызды берип келебиз. Бардыгы акырындан болуп жатат.

 Чыгармачылыктан көп нерсе таптым

Абдумалик: — Чыгармачылык жолдон көп нерсе таптым деп ойлойм. Шүгүр, азыр мен окутуп, тарбиялаган мыкты таланттар бар. Буюрса, өзүмдүн тажрыйбамды ар дайым бөлүшүп, шакирттерди өстүрүүнү уланта берем.

Айнагүл: — Мен ата-эне жөнүндөгү ырларга басым жасайм. Атамды көргөн эмесмин. Апам каза болуп калган. Көбүнчө, обончу Бакыт Мамаевге ушул темада ырларды жаздырам. Бирок, ырдаганга келгенде, көпкө чейин буулугуп барып, анан ачылам.

Copyright © 2017 Maral FM