Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров үзөңгүлөштөрүн кызматка дайындаганы тууралуу үн катты

Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 2405 | 0

Өкмөт башчылык милдетин убактылуу тапшырган, президенттикке талапкер Садыр Жапаров Башкы прокурор, УКМК, ИИМ, Каржы полициясынын башчыларын кандай ниет менен дайындаганын айтты.

Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, эч бир олигархты же кайсы бир аткаминерди калкалабай турганын, мамлекеттин казынасына кол салса, салыкты жашырса, коррупциялык иштерге аралашкандар — ким болсо да  жооп берүүгө тийиш деген максатты көздөгөнүн айтты.

«Элдин мүлкүн кайтарып беришсин да. Азыр эми менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты. Туугандары чыгарып бер деп келип жатышат. Биринчиден, мен азыр эч ким эмесмин. Экинчиден, «айтылган сөз, атылган ок». Баарыбыз мыйзам алдында бирдей жооп берели. Ансыз коррупцияны жоё албайбыз. Экономиканы көтөрө албайбыз. Экономиканы көтөрө албасак эч качан күчтүү мамлекетти кура албайбыз. Ушинтип баары бири-бирине байланыштуу туугандар», — деп жазылат Жапаровдун билдирүүсүндө.

Садыр Жапаров президенттин жана өкмөт башчынын милдетин аткарып турган учурда, Башкы прокурорлукка Курманкул Зулушев, УКМКга Камчыбек Ташиев, Ички иштер министри кызматына Улан Ниязбеков, Каржы полициясынын башчылыгына Сыймык Жапыкеев дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM