Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан коңшу өлкөлөрдөн которулган студенттерди кабыл албай жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 279 | 0

Өзбекстандагы жогорку окуу жайлар Билим берүү министрлигинин буйругу менен коңшу өлкөлөрдөн которулуп барган студенттерди кабыл албай жатат. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Өзбекстандын Билим берүү министри быйыл февраль айында «Коңшу өлкөлөрдө билим алган студенттерди чакыртып алуу жана аларга окуусун Өзбекстандан улантууга уруксат берүү жөнүндө» буйрук чыгарган. Мындан улам Борбор Азия аймагында окуп жаткан миңдеген өзбекстандык студент окуусун таштап, өлкөгө кайтып барган. Тилекке каршы, окуу жылынын жарымы аяктап калганына карабастан, окуу жайларга кабыл алуу чечими чыкпай келет. Студенттердин бири которулуп барган университеттин жетекчилиги мурда окуп кеткен Казакстандагы окуу жайдан маалымкат алып келүүнү талап кылып жатканын билдирген.

«Азыр коңшу өлкөлөрдөгү окуу жайлардан чыгып, бул университетке тапшыруу үчүн арыз берген 200дөн ашык студент бар. Баарыбыздан мурда окуган университеттен сынактарды, окуудан чыгарылгандыгы тууралуу документтерди алып келүүнү талап кылып жатышат. Бул үчүн бизге 15-декабрга чейин убакыт берилди, андан кечиксе, арызыбыз каралбай турганын эскертүүдө», — деген ал.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө өлкөнүн бир катар аймактарында, анын ичинде Самарканд жана Хорезм облустарындагы окуу жайларда да ушундай эле абал жаралган.

Буга чейин Өзбекстан Өкмөтү студенттерди коңшу өлкөлөрдөгү окуу жайлардан которууда эч кандай кошумча талаптар жана бюрократиялык маселелер болбой турганын билдирген.

Мекеменин маалыматы боюнча, февралга карата Кыргызстанда, Тажикстанда жана Казакстанда билим алып жаткан 35 миңден ашуун өзбекстандык студент катталган.

Өзбекстан Борбор Азиядагы студенттерин өзүнө кайтарууда

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM