Биз менен байланышыңыз

БШК: Садыр Жапаров 60 миңге жакын кол тамга тапшырды

Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 921 | 0

Бүгүн, 3-декабрда президенттикке талапкер Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясына кол коюу барактарын тапшырды. Топтолгон кол тамгалардын саны – 59 миң 998 болгон.

Мыйзамга ылайык, талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң кол тамгасы менен колдоого алынууга тийиш.

БШКнын жумушчу тобу берилген кол тамгалардын аныктыгын 8 календарлык күндө текшерет.

Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-экспертиза иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет.

Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык, талапкерлерди колдогон кол коюу барактарын тапшыруу 3-декабрда саат 23:59да аяктайт.

Акыркы маалыматтарга караганда, президенттик шайлоого катышууга ниетин билдирген 44 киши калды. 3-декабрга карата 14 талапкер миллион сомдук күрөөнү төктү.

Copyright © 2017 Maral FM