Биз менен байланышыңыз

Төрөбай Зулпукаров Дыйканбаевдин көрсөтмө бергени тууралуу үн катты

Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 1123 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин өзүнө карата каршы көрсөтмө бергени калп экенин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 3-декабрдагы жыйынында айтты.

Зулпукаров президенттик шайлоонун алдында интернет сайттарда, социалдык тармактарда адамдардын аброюна шек келтирген маалыматтар көбөйүп кеткенин айтып, бул маселени жөнгө салуу керектигин эскертти.

«Айрым, сайттар талапкерлерди негизсиз сындап жатат. Кээ бир адамдардын аброюна шек келтиришүүдө. Социалдык тармактарда бири-бирине карата коркутуп-үркүтүүлөр күч алды. Президенттин, өкмөттүн өкүлү маселени жөнгө салбасаңыздар, кесепети жаман болот», — деди Төрөбай Зулпукаров.

1-декабрь күнү депутат Фейсбуктагы баракчасы аркылуу да Курманбек Дыйканбаевдин көрсөтмө бергени жалган болушу мүмкүн экенин жазган.

«Курманбек Дыйканбаев Төрөбай Зулпукаровго карата каршы көрсөтмө берди деген маалымат жалган болушу мүмкүн. Анткени ага эч кандай негиз жок. Ал эми Дыйканбаев 7 миллион сом алган деген маалыматты массалык маалымат каражаттарынан жана соцсеттерден окуп билдим».

Президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев депутат Төрөбай Зулпукаровго каршы көрсөтмө бергенин «VB.KG» басылмасы улуттук коопсуздук органдарындагы булактарына таянып жазган.

Анда Курманбек Дыйканбаев тергөө менен кызматташа баштаганы айтылган.

Курманбек Дыйканбаев 24-ноябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган. Ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2021-жылдын 24-январына чейин камакка алынган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, октябрда өткөн парламенттик шайлоо өнөктүгү учурунда мамлекеттик ишкананын жетекчисинен 7 млн сом талап кылган. Ал кайсы бир саясий партиянын кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык делген мамлекеттик ишкананын жетекчисин кызматтан алам деп опузалаганы айтылат.

Ошондой эле, опузалоо менен алынган 7 млн сом шайлоо учурунда добуш сатып алууга жумшалганы маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM