Биз менен байланышыңыз

Жаштар тынчтыкты бекемдөө демилгелерин талкуулашты

Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 612 | 0

Бишкекте «Жаш тынчтык куруучулар» долбоорунун алкагында «Жергиликтүү деңгээлдеги тынчтыкты бекемдөө демилгелери» деген темада улуттук тегерек стол өттү.

Анда бир жылдык долбоордун катышуучулары тынчтык демилгелеринин натыйжалары жөнүндө презентация жасашты. Ал этностор аралык мамилелерди чыңдоого, жаштардын чек ара жаңжалдарына катышуусун азайтууга, уруулар аралык мамилелерди өркүндөтүүгө, радикализмди алдын алууга жана COVID-19 эпидемиясынын терс кесепеттерин азайтууга багытталган сунуштар.

«Жаш тынчтык куруучулар» долбоору «Тынчтык жана Өнүгүү Институту» (IPD) коомдук фонду тарабынан Жаштар кеңештери жана уюмдарынын ассоциациясы, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Эл аралык мамилелер институтунун (IFA) каржылоосунда ишке ашырылууда.

Жыл башынан бери, ушул долбоордун алкагында аймактык жаштар борборлорунун, уюмдарынын өкүлдөрү жана мектептин активдүү мугалимдери 20 долбоордун катышуучулары болгон.

Ошондой эле алар өз жамааттарында интерактивдүү симуляциялык оюн методикасын колдонуу менен жергиликтүү тренингдерди өткөрүштү.

Долбоордун кийинки этабы аныкталган көйгөйлөрдү жана чыр-чатактарды азайтууга жана чечүүгө багытталган жергиликтүү деңгээлдеги тынчтык демилгелерин ишке ашыруу болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM