Биз менен байланышыңыз

Бүгүндөн тарта Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуунун агымы көбөйтүлөт

Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 454 | 0

Бүгүн, 3-декабрдан тарта Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуунун агымы көбөйтүлөт. Бул тууралуу 1-декабрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушканда айтылды.

Кытай өкмөтү «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу оор жүк ташуучу унааларды өткөрүү тартибин өзгөртөт.

Иш убактысын 8 сааттан 12 саатка чейин жогорулатуу, ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пунктун күн сайын, демалыш күндөрү да иштөө режимине өткөрүү сунушталган. Унаалардын санынын болжолдуу көбөйүшү суткасына 30 машинаны түзүшү ыктымал.

Кытай элчиси ошондой эле «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы инфраструктураны жакшыртуу, пункттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кытай тарап эки кампа куруу, контейнер үчүн кран орнотуу тууралуу чечими кабыл алынгандыгын маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM