Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: Атамбаев абактан токтоосуз түрдө бошотулушу керек

Кыска кабар | 1 Дек 2020 | 616 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев токтоосуз түрдө абактан бошотулушу керек. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

30-ноябрда Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу Атамбаевге козголгон иш боюнча мурдагы инстанциялардын өкүмдөрүн жокко чыгарып, материалдарды Бишкектин Биринчи май райондук сотунун кайра кароосуна жөнөткөн.

Жактоочунун айтымында, Атамбаевди абакта кармоого негиз калган жок.

«Бүгүн биз Жогорку Соттун чечиминин көчүрмөсүн алдык. Чечим жарыялангандан баштап эле күчүнө кирди. Эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Атамбаевди токтоосуз бошотушу керек, анткени мыйзамга ылайык, соттун чечими жок адамды тергөө абагында же колонияда кармоого тыюу салынат. Башка кылмыш иштери боюнча баш коргоо чарасы каралган эмес. Биринчи май райондук сотунан эртең саат 09.00гө чейин жооп беребиз деп айтышты», — деди Замир Жоошев.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Атамбаевди бошотуу тууралуу токтом келе электигин билдирүүдө.

Жапаров: Менин колумда болсо, Атамбаевди үй камагына чыгарып коймокмун

Алмазбек Атамбаев алгач Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында болчу, быйыл ноябрь айында №47 колонияга которулган.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 8-августунда атайын операция менен кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM