Биз менен байланышыңыз

5-декабрга чейин элге акысыз укуктук кеңеш берилет

Кыска кабар | 30 Ноя 2020 | 338 | 0

30-ноябрдан 5-декабрга чейин элге акысыз укуктук кеңеш берүү өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.

Анын алкагында, юстиция органдарынын, укуктук кеңеш берүү борборлорунун кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча координаторлор бүт өлкө боюнча акысыз укуктук-консультациялык жардам көрсөтүшөт.

Иш-чар 10-декабрда белгилене турган Адам укугунун күнүнө арналат. 1948-жылы ушул күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясын кабыл алган.

Декаданын программасы, акысыз укуктук-консультациялык жардам көрсөтүүчү борборлордун жана аймактык юстиция башкармалыктарынын даректери Юстиция министрлигинин расмий сайтында: http://minjust.gov.kg/,  Facebook баракчасында: https://www.facebook.com/minjustKR/ жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун сайтында: http://ukuk-jardam.gov.kg/, Facebook баракчасында: https://www.facebook.com/ggupkr/ жеткиликтүү.

Декада тууралуу суроолорго жооп алуу үчүн төмөндөгү номерлер аркылуу байланышсаңыздар болот:

(0312) 62-62-10 (кошумчалоо, 201, 200, 198, 209, 202, 206), 0770 45 91 17, 0553 04 04 86 (Каракол шаары), 0555 22 58 32 (Ош шаары), 0555 82 00

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM