Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды

Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 408 | 0

Бишкекте жасалма мамлекеттик номер тагып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматыннан кабарлашты.

27-ноябрь күнү болжол менен таңкы саат 05:20 чамасында Жукеев-Пудовкин жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен «Mitsubishi Space Star» үлгүсүндөгү автоунаа жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотулган.

Милиция кызматкерлери автоунаанын керектүү документтерин текшерген учурда, 18 жаштагы Ш. А. аттуу айдоочу автоунаасынын мамлекеттик номери бар туруп, анын үстүнөн жасалма номерди тагып алгандыгы белгилүү болгон.

Бул факты боюнча автоунаа айып жайга токтотулуп, айдоочу Октябрь райондук ИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM