Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги кинотеатрлар 1-декабрда ачылат

Кыска кабар | 25 Ноя 2020 | 439 | 0

Бишкектеги кинотеатрларды 1-декабрда ачуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кабарлады.

Анын айтымында, Республикалык штаб залдын 50 пайызын гана толтуруу шарты менен кинотеатрларды ачууга уруксат берген.

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков октябрь айында өлкөдөгү кинотеатрлардын ишин жандандырууну сунуштаган.

Кинотеатрлар 2020-жылдын 17-мартында пандемияга байланыштуу жабылган. Министрлик маалымдагандай, 7 айдан бери бул тармак ири каржылык жоготууларга учурады.

«Кинотеатрлардын имараттарын кармап туруу, коопсуздук, коммуналдык кызматтар, насыялар, карантиндик мезгилде жарым-жартылай эмгек акыларын берүү үчүн ири төлөмдөрдү жүргүзүп келишти. Узак мөөнөткө ижарага алынган кинотеатрлардын иши кыйын кырдаалда калууда», — дейт министрлик.

Апрель айынан бери кинотеатрлардын миңге жакын кызматкерине экономикалык ишмердүүлүккө тыюу салынгандыгына байланыштуу эмгек акы төлөнгөн эмес. Ошондой эле республикалык бюджеттин киреше бөлүгү болгон тасмаларды ижарага алуу жана аны сатуудан акча чогултуу боюнча келишимдик милдеттенмелер бар.

2019-жылы өлкөдөгү кинотеатрлардан бюджетке 100 млн сом түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM